Таласта камактагы жаран асынган абалда табылды

Таласта камактагы жаран асынган абалда табылды

Бүгүн, 31-октябрда Талас облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайында 32 жаштагы жаран асынган абалда табылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Э. аттуу жаран өзүнүн футболкасына асынган абалда болжол менен саат 13:30да табылган.

«Нөөмөттө турган кызматкерлер анын өмүрүн сактап калганга үлгүрбөй калышкан. Ошол замат окуя жерине медицина кызматы, ички иштер башкармалыгынын ыкчам тобунун жетекчилиги, прокуратура кызматкерлери текшерүүгө келген. Маркум Талас шаарынын 32 жаштагы тургуну болгон. Ал убактылуу кармоочу жайда «адам өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси боюнча шектүү болуп кармалып отурган. Аны иши сотко өткөрүлүп, биринчи отуруму эртең өтмөк», — деп билдиришти милициядан.

Азыркы учурда аталган окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>