Казынага келтирилген 5,5 млн сомдук зыяндын орду толтурулду

Казынага келтирилген 5,5 млн сомдук зыяндын орду толтурулду

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинде мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мурда аныкталган зыяндын орду толук толтурулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК козгогон кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандагы сот системасына сатып алынган санариптик жабдыктардын баасын кымбаттатуу фактылары аныктады.

2020-жылы мамлекеттик органдарды санариптештирүү боюнча мамлекеттик долбоорлордун алкагында республиканын сот системасына жалпы 42 миллион 835 миң 250 сомдон ашык суммага техникалар сатылып алынганы такталган.

Ошону менен бирге иликтөөнүн алкагында аталган мамлекеттик органдын жооптуу адамдары жеке баюу максатында компаниялардын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алышып, алар сатып алынган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн иш жүзүндөгү баасын ашыкча баалаган фактылар аныкталган.

Мындай мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 5 миллион 519 миң 170 сом өлчөмдө зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын орду толук толтурулуп, Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берилүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>