Чоң Чүй каналына унаа түшүп кетип, атасы эки баласы менен каза болдуКүн жана ысык өткөрүп албоо үчүн эмне кылуу керек — медиктердин кеңешиТүптүн Кең-Суу айылына ипотекалык көп кабатуу үйлөр курулатОңой акча жана оор кесепеттер: жаштарды баңгибизнеске кантип азгырышат?Нарын коругунда 6 миң түп көчөт тигилдиКыргызстанда Казарман ГЭСтер каскадынын курулушу башталды
Таласта үрөй учурган окуя: жаш аялды эки баласы менен өлтүрүп кетишти
24.05.2024 | 09:08
Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында 24-май түнү үч адам өлтүрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
27 жаштагы аял, анын төрт жаштагы кызы жана эки жарым жаштагы баласынын күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денелери табылды. Үйдөн сайсыз ок атуучу курал жана балта табылды.
Кылмышка ошол эле айылдын 1976-жылы туулган К.Н. аттуу тургуну шектелүүдө.
Ал издөөгө алынды.
Рубрики: Жаңылыктар