Таласта жаратылыш паркынан кийик аткандар жазага тартылбай жатабы? — Видео

Таласта жаратылыш паркынан кийик аткандар жазага тартылбай жатабы? — Видео

Талас облусундагы Беш-Таш жаратылыш мамлекеттик паркында кийик аткандарга көмөктөшкөн егер жоопкерчиликке тартылбай жатат. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады.

Маалымат булагыбыздын айтымында, 10-апрель күнү аңчылыкты көзөмөлдөө департаменттине жана Талас облустук Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекцияна ыкчам маалымат түшкөн. Анда жаратылыш парктын Карагайлуу-Сай аймагында белгисиз бирөөлөр кийик атып жүргөнү кабарланган.

Тиешелүү кызматкерлер окуя болгон жерге барып жаш улактын атылганын аныкташкан жана бул ишке шектүү катары үч браконьерди колго түшүрүшүп, төртүнчү браконьерди аныктай алышкан эмес. Кармалгандардын бири ошол акмакты көзөмөлдөгөн токойду коргоо жана сактоо инжинери (егер) болгон.

Мындан улам мекемелер аралык комиссия түзүлүп, бул окуяга егердин түздөн-түз катышы бар деген чечим чыгып, аны кызматтан алуу жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү жактарга сунуштама берилген.

Ал эми төртүнчү браконьер өзү келип, кийикти атканын мойнуна алган. Учурда анын үстүнөн тергөө жүрүп жатат.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин алдындагы өзгөчө корголуучу  жаратылыш ресрустары департаментинин башчысы Алмаз Мусаев Талас облустук башкармалыгына кат жазып, егер кызматтан алынбай ага жөн гана чара көрүлүшү керектигин айткан. 

Ал эми аталган мекеменин өкүлү Тынымсейит Жусумамбетов “Репортерго” түшүндүрмө берип жатып буларды айтты.

“Эгерде кызматкер кийик атса аны кызматтан кетирүү керек деген мыйзам жок, мен окуган эмесмин”, — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>