Дээрлик 120 млн сомдук контрабанда жана кесилген тикенектүү зымдар: Чек ара кызматы мыйзам бузуулар боюнча отчет бердиБишкектин бир бөлүгүндө 2 күн жаратылыш газы берилбейтЧаткалдагы Ыдырыс-Ата күмбөзү көрктөндүрүлөтБиринчи класска барган баланы мектепке даярдоо канча турат?Ысык-Көлдө 1 млн сомдон ашык айып пулу бар айдоочу кармалдыБишкектеги көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүү: ондогон көчөлөр бириктирилип, көнүмүш аталыштар башка даректерге «көчүрүлдү»
Таласта жер титиреди
10.08.2024 | 13:56
Кыргызстандын аймагында жер титиреди.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, саат 10:26да Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Талас облусунун Бакай-Ата районунун Маданият, Ынтымак айылдарында, Талас районунун Козучак айылында 3 балл сезилген.
Ал эми А.Огонбаев, Калба, Кум-Арык айылдарында, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында жана Талас шаарында 2,5 баллга (Ынтымак айылынан 15 чакырым түштүктө, Талас шаарынан 25 чакырым түштүк батышта) жеткен.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар