Таластан кыз ала качкандар Таш-Көмүрдө кармалды — видео

Таластан кыз ала качкандар Таш-Көмүрдө кармалды — видео

Талас шаарынан кыз ала качты делгендер Таш-Көмүр шаарында кармалып, факты тастыкталган эмес. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 6-майда Талас шаарынын Алия аттуу 19 жаштагы тургуну кайрылган. Анда, алардын үйүндө убактылуу жүргөн өзү менен тең бир тууган бөлөсү Маликаны Илгиз (аттары өзгөртүлгөн) аттуу бала Жалал-Абад шаарына ала качып кетти деп билдирген.

Текшерүү учурунда Малика Ильгиз аттуу жаран менен жолугуп, ошондон бери телефону өчүрүлүп, байланышка чыкпай жаткандыгы аныкталган.

Аталган факты 175-берене (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ыкчам топ тарабынан кызды салып кеткен “Тойота-Авенсис” үлгүсүндөгү автоунаа экендиги такталган.

Унааны жана андагы Маликаны табуу максатында тийиштүү иштер көрүлүп, ошол эле түнү Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынан кармалышкан. Унаада Малика, аны ала качты деген Илгиз аттуу жигит жана жанында эки досу менен кармалышкан.

Иликтөө учурунда “ала качылды” делген Малика аман-эсен табылып анын ден соолугуна жана эркиндигине эч ким кол салган эместиги жана ала качуу фактысы болгон эместиги аныкталган.

“Илгиз Малика менен мурунтан бери Бишкек шаарынан сүйлөшүп, кыз-жигит болуп жүрүшкөн. Маликаны келин кылып алабыз деп ата-энелери дагы макулдашып кеткендиги аныкталган. Бирок, макулдашкан убакыттан эрте эле Ильгиз атайын Талас шаарынан аны алып кеткени келгенин айткан”, — деп кабарланат.

Аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>