Таластын 43 тургуну Түштүк Кореяга иштөөгө барат

Таластын 43 тургуну Түштүк Кореяга иштөөгө барат

Талас облусунун 43 тургуну Түштүк Кореяда иштегенге мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 19-декабрда кыргызстандыктарды Корея Республикасына жөнөтүү боюнча иш-чара учурунда билдирди.

Ал белгилегендей, «Президент Садыр Жапаровдун “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Министрлик тарабынан чет өлкөлөрдө Кыргызстандын жарандары үчүн жумуш орундарын түзүү боюнча чоң иштер жүргүзүлүүдө.

Алсак, бул министрликке караштуу Чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунун ортосунда Талас облустук администрациясы жана Кореянын Кочанг районунун Чолла-Пукту провинциясы менен макулдашууга кол коюлган, ал боюнча аталган облустун тургундарынын биринчи тобу Түштүк Кореяга жөнөтүлөт.

“Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин колдоосу менен түзүлгөн келишимде эмгек шарттарын түзүү каралган, бул татыктуу эмгек акы, социалдык кепилдиктер, силер өзүнөрдү жогорку деңгээлди көрсөтүп, барган өлкөнүн мыйзамдарын бузбооңуз маанилүү», — деди Базарбаев.

Буга чейин Кыргызстандын 48 жараны Түштүк Кореяга иштөө үчүн жөнөтүлгөнүн аталган министрликтен маалымдашкан. 

Түштүк Кореяга дагы 48 жаран иштөөгө кетти. Алар кайда иштешет?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>