Камактагы Перизат Суранованын абалы начарлады. ЖАК эмне дейт?

Камактагы Перизат Суранованын абалы начарлады. ЖАК эмне дейт?

«Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип камакка алынган активист Перизат Суранованын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Суранова 14-декабрда ачкачылык жарыялаган.

«Перизат Суранова 14-декабрдан тарта ачкачылык жарыялаган. Ачкачылыктын себеби — ага козголгон иш. Мекеменин (№1 тергөө абагынын – ред.) медициналык кызматкерлерине арыз-даттануулары жок. Медициналык бөлүмдүн кызматкерлери күн сайын анын ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүп, текшерүүдө.

17-18-декабрда тез жардам кызматы чакырылган. Тиешелүү түрдө текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн корутундусу боюнча ооруканага жаткырууга көрсөтмөлөр болгон эмес.

Бүгүнкү күнү Перизат Суранованын жалпы абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. №21 мекемененин (№1 тергөө абагы – ред.) медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Ошондой эле, ага кармап жаткан ачкачылыктын зыяны жана тобокелдиктери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин укук коргоочу Азиза Абдирасулова жана активисттер Перизат Суранова тамак-аш жана суу ичпей ачкачылык кармап жаткандыктан, ден соолугу кескин начарлап, өз алдынча баса албай жатканын билдиришкен. Ошондой эле, ден соолугу кескин начарлагандыгына байланыштуу ооруканага которуу керектигин айтышкан.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынып, кийинчерээк 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>