Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
Талдыкорганда Назарбаевдин эстелигин мойнунан асып койгон жаңы видео тарады
13.01.2022 | 16:22
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин Талдыкоргандагы эстелигин талкалаган жаңы кадрлар пайда болду.
Митингчилер эстеликти бузуп, бөлүктөргө бөлүп гана тим болбостон, анын бир бөлүгүн административдик имаратка алып келип, мойнунан жипке асып коюшкан.
Видео Казакстандагы массалык нааразылык акциялары учурунда тартылган. Демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосундагы эң айыгышкан салгылашуу Алматы менен Алматы облусунда болгон. Кийинчерээк казак бийлиги башаламандыктарды атайын даярдалган чет элдик террористтердин арасынан куралган топтор уюштурганын билдирген. Бул версияны ЖККУга кирген өлкөлөрдүн лидерлери да ырасташты.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар