Талгат Аширбеков Кыргызстандын Мисирдеги элчиси болуп дайындалды

Талгат Аширбеков Кыргызстандын Мисир Араб Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, президенттин 2025-жылдын 15-декабрындагы жарлыгы менен Каир шаарында Кыргызстандын элчилиги түзүлгөн. Элчилик аталган өлкө менен ар кандай тармактардагы байланыштарды андан ары өнүктүрүүнү, ошондой эле Мисирдин аймагында жана Түндүк Африканын чектеш өлкөлөрүндө жүргөн Кыргызстандын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүүнү камсыз кылат.
42 жаштагы Талгат Аширбеков Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин юриспруденция адистигин аяктаган. Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын аспирантурасын бүтүргөн.
Эмгек жолун 2009-жылы Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде окутуучу болуп баштаган. Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүндө, «HAI» эл аралык гуманитардык уюмунун өкүлчүлүгүндө иштеген.
2015-2016-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн эксперти болуп иштеген. 2016-2019-жылдары Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчилигинин үчүнчү катчысы кызматын аркалаган. 2020-жылы Өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти болуп эмгектенген.
Ал эми ушул убакка чейин Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп жаткан.