Садыр Жапаров «Ынтымак Ордодо» Пакистандын премьер-министри менен жолугуштуМаматалиев: Жер сатылат деген маалыматты тараткандардын арасында депутаттар да болгон«Акырындык менен, шашпастан»: Путин ШКУнун кеңейиши тууралууКыргызстан көкпар боюнча биринчи оюнда Монголияны 12:1 эсебинде талкаладыКыргызстан Мисир өлкөсү менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү көздөөдөТаластын болгар калемпири Россия менен Казакстанга экспорттоло баштады
Президент Жумгал жана Токтогул райондоруна жаңы акимдерди дайындады
15.05.2026 | 11:58

Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга жана тескемелерге ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда акимдер алмашты.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында, Жумгал районунун акими Адыбек Набиев өз каалоосу менен кызматтан бошотулду. Анын ордуна Жаныбек Исаков Жумгал район жетекчиси болуп дайындалды.
Ошондой эле Токтогул районунун акими Акылбек Тюкебаев өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду. Бул кызматка Урматбек Самаев дайындалды.
Дайындоолор Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамга ылайык ишке ашырылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат