Тараптар элдеше албайт. Зордукчунун жазасын оорлоткон мыйзам долбоор

Тараптар элдеше албайт. Зордукчунун жазасын оорлоткон мыйзам долбоор

Жогорку Кеңеш 14-июндагы жыйынында сексуалдык зомбулук боюнча кылмыш иштеринде тараптардын элдешүүсүн жокко чыгарууну сунуштаган мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.

Мыйзам долбооруна ылайык, Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири — депутат Эльвира Сурабалдиева белгилегендей, мыйзам долбоору жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке болгон укуктарды камсыз кылуу, ошондой эле өмүргө жана ден соолукка кылмыштуу кол салуулардан коргоо максатында иштелип чыккан.

“Мыйзам долбоорунун милдети профилактика үчүн жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын жоопкерчилигин күчөтүү жана жабыркагандарга карата кайталанган кол салуулардан сактоо болуп эсептелет”, — деди депутат.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда жыныстык кол тийбестик, пробация көзөмөлүн колдонуу, күрөө боюнча кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн алып салуу сунушталып жатканын кошумчалады.

Аталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.

Ички иштер министрлигинин 2022-жылдагы маалыматында сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнү кабарланган.

Аялын бакпаса, иштетпесе жоопко тартылат. Мыйзам долбоор талкууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>