Садыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайтАКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугушту
Тармактык комитет элчилик кызматка Кадыркуловдун талапкерлигин колдогон жок
24.01.2022 | 17:27
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматына Идирис Кадыркуловдун талапкерлигин жактырган жок. Жыйын бүгүн, 24-январда өтүүдө.
Кадыркуловдун талапкерлигин үч депутат колдоп, төртөө каршы добуш берди.
Бир катар депутаттар атайын дипломатиялык билими жок адамдарды элчиликке сунуштап жаткан Тышкы иштер министрлигин сынга алышты.
Буга чейин Идирис Кадыркулов УКМКны жетектеп, 2019-жылдын май айында өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат