Керим Турапов кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Керим Турапов кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Керим Турапов кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Тураповдун арыз жазган себеби айтылган жок. Мекеменин басма сөз кызматы театрдын директорун ээлеген кызматынан бошотуу боюнча буйрук чыга элек экенин айтты.

Театрдын өзүндө редакция директорду кызматтан алуу боюнча маалыматы жок экенин айтышкан.

Эске салсак, Керим Турапов аталган театрдын жетекчиси болуп 2019-жылдын январь айында дайындалган.

2020-жылдан бери театр артисттери маданият мекемесинин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылып келишет. Себеби, былтыр март айында билети кымбат коммерциялык спектаклдерден алар эч кандай акча албай турганын, бекер иштеп келатканын айтып, нааразылык билдиришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>