Келини өз жанын кыйып, кат калтырган: Кайненесине өкүм чыкты

Келини өз жанын кыйып, кат калтырган: Кайненесине өкүм чыкты

Базар-Коргон райондук соту келинин өз өмүрүнө кол салууга жеткирген деп айыпталган аялга өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 60 жаштагы аял келинин сойку жана жеңил ойлуу аял деп айтып келген. Мындай кемсинтүүгө чыдабай, келин өз үйүндө асынып алган.

«Соттун жүрүшүндө айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Анын айтымында, уулу Англияга эмгек миграциясына кеткен, келини балдары менен өзүнчө жашачу. Айыпталуучу окуя болгон күнү келини жашаган үйгө келгенин, эшигин ачып, келиндин асынып алганын көргөнүн билдирген. Ж.Ж. маркумду кемсинтпегендигин жана ал күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирген», — деп айтылат соттун чечиминде.

Сотто маркумдун апасы айыпталуучу анын кызын дайыма кемсинтип келгенин айткан. Маркум бир нече жолу апасына барган, бирок кайра үй-бүлөсүнө кайтып келген.

Жабырлануучунун айтымында, Ж.Ж. күйөөсүн келининен кызганып, сойку экенин айта баштаган.  Маркум апасына бир нече жолу кайрылган, бирок үй-бүлөсүн бузбаш үчүн окуяга көз жумуп, кайра кайтып келген.

Жабырлануучу белгилегендей, ал кызы менен акыркы жолу үйдө тандыр меш жасап жатканда WhatsApp аркылуу сүйлөшкөн.

Маркумдун апасы соттон бул иш боюнча мыйзамдуу чечим чыгарууну суранып, 500 миң сом материалдык компенсация, ошондой эле 10 миллион сом моралдык компенсация өндүрүп берүүнү талап кылган.

Соттун өкүмүндө белгиленгендей, аялдын жансыз денесин балдары табышкан, алар соттук отурумда суракка алынган.

Жыйынтыгында Базар-Коргон райондук соту тарабынан айыпталуучу Ж.Ж.га үч жылга чейин пробациялык мөөнөт берилген.

Эскерте кетсек, былтыр 23-июлда райондук милицияга 29 жаштагы келин асынып алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт Базар-Коргон райондук милициясында маалымат электрондук журналына «өзүн өзү асып алуу» болуп катталган. Окуя жерине райондук прокуратура менен милициянын жетекчилиги, кызматкерлери барган.

Окуя жерин кароо учурунда 29 жаштагы келин үйүнүн ичинде асынып каза болгондугу аныкталган. Андан сырткары окуя болгон жерден кат табылган.

Катта: «Ким дагир (бузулган – ред.) болуп жаман жүрсө, башканы да ошондой ойлойт. Чыныгы дагир келин алып, өлгүчө ар кимдин астынан таап келип жашатып кал» — деп жашыл түстөгү сыя менен жазылган.

Аталган окуя боюнча аныкталган жаңы жагдайлардын негизинде 22-август күнү Кылмыш кодексинин  128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>