Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Тарыхый эстеликтерди калыбына келтирүүгө 500 млн сом бөлүнөт
25.05.2023 | 13:30
Кыргызстанда 5 жылдын ичинде тарых жана маданият эстеликтерин реставрациялоого 500 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, каржылоо республикалык бюджеттен, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын колдоосу аркылуу ишке ашат.
“Бизде 2400дөй тарыхый-маданий объект бар. Аларды изилдеп, калыбына келтирип, жайылтуу керек. Министрлик тарабынан программа иштелип чыккан, ага ылайык эстеликтерди ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү үчүн 5 жылдын ичинде калыбына келтирүүгө 500 млн сом бөлүнөт”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз