Ошто Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 4 миң көчөт отургузулдуКантта калдыктарды кайра иштетүүчү завод жана муниципалдык базар куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев ЖМК өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктадыКыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдөКыргызстанга өткөн Кара-Жантак айылынын тургундарына үйлөрүнүн документтери берилдиБШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту
Таш-Көмүрдө цемент заводу салынууда
25.04.2024 | 09:00
Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында цемент чыгарган завод салынууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, заводдун курулушуна Кытай инвестиция салган.
24-апрелде Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев заводдун курулушу менен таанышкан. Ал ишкананы салып жаткан компаниянын жетекчилери менен цемент заводунун мүмкүнчүлүктөрү, экономикага, экологияга тийгизген таасири, калкты жумуш менен камсыз кылуу маселелери боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом