Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилетБишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОш шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулууда
Шашылыш билдирүү. Жаан жаап, кар көчкү түшөт
05.04.2024 | 19:00
6-8-апрелде Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ага байланыштуу төмөнкү жолдордо этият болууга чакырат:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
- Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 74-107-чакырымдарында;
- Ала-Бука–Каныш-Кыя– Кызыл-Адыр унаа жолунун 71-74-чакырымдарында Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Белгилей кетсек, дем алыш күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом