Ташиев: Курула турган суу сактагычтын Тажикстанга эч кандай тиешеси жок

Ташиев: Курула турган суу сактагычтын Тажикстанга эч кандай тиешеси жок

Козу-Баглан дарыясына курула турган суу сактагычтын Тажикстанга эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекетитк комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев ЖМКлардын бирине билдирген.

Анын айтымында, Лейлек районуна салына турган суу сактагыч чек арада жайгашкан эмес.

«Суу сактагыч курулат деп айтылып жаткан аймак Кыргызстандын терең аймагында жайгашкан. Чек ара аймагына кирбейт. Экинчиден, суу сактагыч курулса, эл кошумча 15 гектардай суугат жерге ээ болот. Үчүнчүдөн, мамлекеттер аралык келишимде эгер курулуш мамлекеттин өзүнө таандык, талаш эмес аймагында жүрсө макулдук алууга негиз жок деп каралган. Биз өз аймагыбыздагы курулуш үчүн макулдук албайбыз. Тажикстан деле Ворухта ар кандай курулуштарды жүргүзүп жатышат. Бир жолу уруксат сураштыбы?! Ал убакта эмнеге мамлекеттер аралык келишимди эстешкен жок? А биз эмнеге өз аймагыбызда жайгашкан дарыядан өз жерибизге суу сактагыч куруу үчүн алардын макулдугун алышыбыз керек?», — деген Камчыбек Ташиев.

Буга чейин тажик бийлиги Козу-Багланга суу сактагыч курула турган болсо эки тараптын макулдашуусу аркылуу ишке ашаарын, бул мамлекеттер аралык келишимге ылайык келээрин айтышкан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>