Активист Ырыс Жекшеналиев камакта калтырылды

Активист Ырыс Жекшеналиев камакта калтырылды

Бүгүн, 10-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту активист Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасын карап, аны камакта калтырды.

Активист Кундуз Жолдубаеванын айтымында, Жекшеналиев 14-декабрга чейин СИЗО-1де болот.

2-сентябрда Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук соту блогер Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасын узартуу чечимин күчүндө калтырган.

Эскерте кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарына аларды тартипке чакырууну тапшырган. Ага чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Аталган видеого байланыштуу «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголуп, 16-августта 2 айга камакка алынган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>