Ташиев министр Бейшеналиевди кайсы учурда жоопко тартышарын айтты (видео)

Ташиев министр Бейшеналиевди кайсы учурда жоопко тартышарын айтты (видео)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «саламаттык сактоо министри Алмазбек Бейшеналиевге карата депутат Жусупбек Коргонбай уулу айткан айыптоолор боюнча текшерүү башталдыбы?» деген суроого жооп берди.

Ташиев учурда Коргонбай уулунун айткандары боюнча депутаттык комиссия иштеп жатканын белгиледи.

«Депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен текшерүүнү баштайбыз. Комиссиянын жыйынтыгы менен кайсы бир факт ырасталса, кылмыш ишин козгоп, (Алымкадыр Бейшеналиевди – ред.) жоопко тартабыз», — деди ал.

Журналисттер Ташиевден буга чейин Бейшеналиев тууралуу кандайдыр бир маалыматтар болуп-болбогону тууралуу сурады.

«Маалыматтар бар. Бардык чиновниктер, адамдар тууралуу маалыматтар бар. Бирок аларды жоопкерчиликке тартуу үчүн так факттар керек», — деди ал.

Эскерте кетсек, 3-апрелде депутат Жусупбек Коргонбай уулу министр Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга айыптаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>