Өлкө башчысына кол салуу, мүлкү алынат. Ташиев Матраимовдор боюнча маалымат берди

Өлкө башчысына кол салуу, мүлкү алынат. Ташиев Матраимовдор боюнча маалымат берди

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын бир туугандарынын мүлкү сот аркылуу конфискацияланат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Орок айылындагы стадиондун курулушу менен танышуу учурунда билдирди.

Анын маалыматында, 16 миллион доллардай мүлктү өздөрү өткөрүп беришти. Дагы 200 миллион доллар мүлкү алынат.

«Алардын иши оңой эле. Көптөн бери маалымат топтоп жүргөнбүз. Сот аркылуу мүлкүн тартып алабыз», — деди ал.

Ташиев Матраимовдун бир туугандарына козголгон кылмыш иши боюнча так маалымат берген жок. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Искендер Матраимовго карата гана иш козголгон эмес.

«Биз эч кимди жөндөн жөн кармабайбыз. Ар бир кылмыш иштин артында чоң иш бар. Алар биздин мыйзамдарды бузду», — дейт ал.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов азербайжандык уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен бирге өлкө жетекчисине кол салганын моюнга ала элек.

«Мойнуна ала элек, бирок иликтөө көрсөтөт», — дейт Камчыбек Ташиев.

Издөөдөгү Райымбек Матраимов Азербайжанда, — УКМК

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>