Ташиев: Орто-Токой суу сактагычы Өзбекстанга берилген жок

Ташиев: Орто-Токой суу сактагычы Өзбекстанга берилген жок

Жалал-Абад облусундагы Орто-Токой суу сактагычы Өзбекстанга берилген жок. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ташиевдин айтымында, Кыргызстан аталган суу сактагыч басып турган жер үчүн компенсация катары жер алууда. Суу сактагычтын алдындагы жер, ал үчүн компенсация катары берилген жер да Кыргызстандын жери болуп калат.

«Орто-Токой (805 гектар жерди ээлейт — ред.) башынан аягына чейин, жери-суусу, плотинанын өзү дагы, суу сактагычтын өзү Кыргызстандын ээлигинде болгон жана ээлигинде калды, мындан ары да калат. Эч кандай маселе болушу мүмкүн эмес. Чечме (Баткендеги Чечме булагы — ред.) боюнча да «берип салыптыр» деп айтып жатышат. Гавасайды да «берип салыптыр» деп жатышат. Ушундай туура эмес маалыматтарды таратышып, коомго дүрбөлөң түшүрүүгө аракет кылгандар бар экенин билесиздер», — деди ал.

Ошондой эле, ал Жогорку Кеңештин ичинде туура эмес маалымат тараткан деструкттивдүү депутаттар бар экенин билдирди.

Чек ара: Ташиев Кыргызстанга канча жер өтүп жатканын айтты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>