Экс-министр Кутманова туугандарын, досторун ишке алган, — Ташиев

Экс-министр Кутманова туугандарын, досторун ишке алган, — Ташиев

Мамлекеттик бюджетке кол салган чиновниктер катуу жазаланат. Бул тууралуу 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, жемкорлукка аралашкан мамлекеттик кызматкерлер эртеби-кечпи катаал жазага тартылат.

“Мурдагыдай тааныш-тамыр, жердешчилик, досчулук деген жок. Мамлекеттик кызматка келип иштегенден мурун ойлонуу керек. Эгерде жеке баюуну көздөп келсеңер, иштебей эле койгула. Андан көрө ишкерчилик менен алектенгиле”, — деди ал.

Ошондой эле, Камчыбек Ташиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурунку башчысы Динара Кутманованы мисал келтирди.

“Экс-министр Кутманова башкарган тармакта “Жаратылышты коргоо” фонду болгон. “Кумтөр” ишканасынан жылына 4 млн доллар каражат бөлүнүп турган. Акыркы бир жылда 1 млрд сомдун тегерегинде акча бөлүнгөн. 110дон ашык долбоорлор иштетилген. Бүгүнкү күндө бир дагы долбоордон эффект жок. Жалаң баласын, кызын, сиңдисин, тууган-уругун, досторун аралаштырып алган. Мунун баары кийин чыгып жатат”, — деди Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле, ал мындай чиновниктер эртеби-кечпи жазаланарын айтып, “кууп жүрүп болсо дагы жазалайбыз”, — деди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>