Ташиев: 6 айда аскердик техника алууга 455,2 млн доллар бөлүндү

Ташиев: 6 айда аскердик техника алууга 455,2 млн доллар бөлүндү

Быйыл жарым жылда Кыргызстан аскердик техинка жана курал-жарак сатып алууга 40 млрд сомдон ашык (болжол менен 455,2 млн доллар) каражат бөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда өкмөттүн жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ташиев Кыргызстанда 2020-жылдан кийин аскердик техника менен курал-жарактар жаңыланганын, алар бюджеттин эсебинен сатып алынып жатканын айтты.

«2005-2020-жылдары бул багытка 3-5 млрд доллар жумшалса, 2021-жылы 32 млрд сом сарпталган. 2022-жылы 53 млрд сом жумшалган. Ошентип эки жылда 85 млрд сомдон ашты. Ал эми быйыл жарым жылда эле 40 млрд сомдон ашык акча бөлүндү. 2,5 жылда 120 млрд сомдон ашык акча жумшалды», — деди ал.

Анын айтымында, аталган каражаттарга Кыргызстан дүйнөнүн бир катар мамлекетинде жок Bayraktar AkıncıBayraktar TB2, Aksungur учкучсуз учуучу аппараттарын, «Печора-2БМ» абадан коргонуучу зениттик-ракеталык комплексин, МИ-8, МИ-17 тик учактары сыяктуу техникаларды сатып алды. Ташиев техника менен курал сатып алууга жумшалып жаткан каражат салык төлөгөн жарандардын акчасы экенин айтып, салыкты жашырбай төлөгөн жарандарга ыраазычылык билдирди.

Ташиев: Эки жылда аскердик техника, курал-жарак алууга 1 млрд $ кетти (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>