Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Ташиев Жапаров менен Талиеваны тамашалап, депутаттарды күлдүрдү (видео)
23.11.2023 | 16:14
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен депутат Камила Талиева тууралуу тамашалап, жыйында отургандарды күлдүрдү.
Отурумда Камила Талиева Жапаровго суроо узатып, ал жооп берип жатканда үнү угулбай жатканын айтты. Сөзүн улай Жапаровдун алдында турган монитордун айынан өзүн да көрбөй жатканын белгиледи.
“Катуурак айтсаңыз, угулбай жатат. Телевизорду коюп коюптур, же мен сизди көрбөйм. Боюңуз узун болсо көрөт элем, көрбөй жатам”, – деди ал.
Жапаровдун жанында отурган Камчыбек Ташиев экөөнүн тең бою кыска экенин айтып, “Экөөңдүкү тең”, – деди.
Талиев Ташиевдин сөзүнө күлүп, “Экөөбүз бирдей элебиз. Өзүмдү да кошоюн”, – деди.
Жыйында отургандар алардын сөзүнө күлдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом