Камчы Көлбаевдин апасы зооттолгон унааларды мамлекетке бербей жатат

Камчы Көлбаевдин апасы зооттолгон унааларды мамлекетке бербей жатат

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына 5-6 зооттолгон унаа катталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, Камчыбек Көлбаевдин 60тан ашык конфискацияланган унааларынын көпчүлүгүнүн документтери табылбай жатат. УКМК Мамлекеттик мүлк фондуна 14 транспортту өткөрдү, анын алтоонун тийиштүү кагаздары болгондуктан сатыкка коюлду.

«Апасына 5-6 зооттолгон унаа катталыптыр. Ага зооттолгон машинанын не кереги бар? Апасы ооруп жатат, документтерин берүүдөн баш тартууда. Машиналарын таштап, жаап коюп кетишкен. Кеңселерден, подвалдардан, пансионат жана үйүнөн таап чыктык. Баарын сот аркылуу өткөрүп алабыз. Унаалар УКМКнын короосунда турат», — деди Камчыбек Ташиев.

Көлбаевдин кыздары зооттолгон унааларын сурап кайрылган. Камчыбек Ташиев автомобилди кримтөбөлдүн аялына гана бергенин айтты. «Калгандары жөнөкөй машина менен жүрсүн», — деп кошумчалады УКМКнын төрагасы.

Эң кымбаты 25,5 млн сом. Камчы Көлбаевдин 6 унаасы сатыкка коюлду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>