Ташиевдин атын жамынган шектүү уктап жаткан жеринен кармалды (видео)

Ташиевдин атын жамынган шектүү уктап жаткан жеринен кармалды (видео)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып башка жарандардын унаасын жана акчасын алдап ээлик кылып алган шектүү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМКга Д.С., К.Ж. аттуу Кыргызстандын жарандары жана Д.Б. аттуу Россиянын жараны Адилет аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү акчасын жана унаасын алып алганын билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 13-июнда Н.А. аттуу жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

«Белгилүү болгондой, Н.А. жана Д.Т. аттуу жарандар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулунун досу катары өздөрүн тааныштырып, коркутуу жана алдоо жолу менен 2019-жылы чыгарылган «Тойота Приус» унаасын, ошондой эле 400 миң рубль өлчөмүндөгү акча каражатты ээлеп алышкан», — деп айтылат маалыматта.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

УКМК мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана алардын туугандарынын атын жамынып, кылмыш жасаган адамдарга катуу чара көрүлөрүн эскертет. Мындай фактылар боюнча жарандар 0312 620 585, 0312 660 475 номерлерине кайрыла алышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>