Чек арада бутунан ажыраган аскер майыптык ала албай жүрөт, — депутат

Чек арада бутунан ажыраган аскер майыптык ала албай жүрөт, — депутат

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусу учурунда жарадар болгон аскер кызматкери Дастан Шарипов дагы деле майыптык ала албай келет. Бул тууралуу депутат Камила Талиева Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Лейлек районундагы чек ара заставасындагы ефрейтор Дастан Шарипов жарадар болгондон кийин аны буту кесилген. Эми мамлекеттик сыйлык алгандын ордуна аргасыздан жардам сурап жатат.

«Ал азыр ведомстволорду кыдырып, майыптык ала албай жүрөт. Ал жумушсуз, үй-бүлөсү менен батирде турат, жубайы жакында эле төрөгөн. Ал учурда дарылана албай жатыптыр”,- деди депутат.

Ошондой эле, Талиева Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеевге кайрылып, бул маселени өз көзөмөлүнө алууну өтүндү.

13-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Уларбек Шаршеев президент Садыр Жапаровго жарадар болгон бардык жоокерлерге жана каза болгон чек арачылардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүлүп жатканын билдирген.

Өмүрүн берүүгө даяр чек арачылардан эч нерсе аябайбыз, — президент

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>