Бишкекте таштанды челектердин жанына токтотулган унаалар унаа токтотуучу жайга киргизилет. Бул тууралуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
«Тазалык» ишканасынын директору Рамиз Алиевдин айтымында, ишкананын кызматкерлерине дайыма таштанды челектердин жанына токтогон унаалар тоскоолдук жаратып, алар көйгөйгө туш болушат.
“Эми бул маселе шаардык жол кайгуул кызматынын колдоосу менен чечилет. “Тазалык” ишканасынын кызматкерлерине таштанды челектердин жанында токтоп турган унаалардын даректерин жөнөтүү мүмкүнчүлүгү берилет. Андан кийин эвакуатор келип, унааны атайын токтотуучу жайга жүктөп кетет”, — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз