Нарматова Бишкек ШИИБдин кызматкерлери адамкерчиликсиз мамиле кылганын айтты

Нарматова Бишкек ШИИБдин кызматкерлери адамкерчиликсиз мамиле кылганын айтты

Бүгүн, 2-ноябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча аймактык башкармалыгынын кызматкерлери СИЗО-1ге профилактикалык иш сапары менен барып, Орозайым Нарматова жана Илгиз Шаменов менен жолугушуп, баарлашты. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

27-октябрда экс-депутат, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова жана жарандык активист Илгиз Шаменов массалык баш аламандык уюштурууга даярдык көргөн деген айып менен кармалган.

Улуттук борбордун кызматкерлерине Орозайым Нарматова Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ага карата адамкерчиликсиз мамиле жасап жаткандыгын айткан. Тиешелүү арыз Улуттук борбордун кызматкерлерине берилген.

Анда Орозайым Москвадан Бишкекке келгенден кийин дароо кармалып, жактоочунун катышуусуз суракка алынганын билдирген.

«4-5 сааттык сурак учурунда мага тамактанууга, дааратканага барууга жана адвокат чакырууга мүмкүнчүлүк болгон жок», — деген ал.

Өз кезегинде ЖКККК өкүлдөрү бул иш-аракеттердин бардыгы адамдын кадыр-баркын түшүрүп, катаал мамилеге барабар экендигин эскертишет.

Ал эми Ильгиз Шаменовдон андан кыйноо же катаал мамиле боюнча эч кандай арыз түшкөн эмес.

Орозайым Нарматованын арызы бардык жагдайларды тактоо жана күнөөлүүлөргө чара көрүү үчүн прокуратурага жөнөтүлөт.

Орозайым Нарматова эки айга камакка алынды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>