Тажик элчиси ТИМге чакыртылды

Тажик элчиси ТИМге чакыртылды

Лейлек районундагы чек ара жаңжалына байланыштуу Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзода Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, министрлик тарабынан  Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысына нота тапшырылган. Ошондой эле  «Максат» жана «Сай» чек ара постторуна биринчи болуп ок аткан Тажикстандын аскер кызматчыларынын укукка каршы аракеттерине чечкиндүү түрдө протест билдирилген.

Бул жаңжал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арадагы чийилбеген жер тилкесинде Тажик тарабынын аскердик байкоо пунктун куруусунан келип чыккан, ал Кыргыз тарабы менен макулдашылбастан башталган жана чек ара райондорундагы абалдын курчушу үчүн бүт жоопкерчилик Тажик тарабынын аскер кызматчыларына жүктөлөт.

Тажик элчисине бардык көйгөйлөр диалог жолу жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керектиги айтылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>