Тажикстанда кыргызстандык тыңчы деп соттолгон. ТИМ үн катты

Тажикстанда кыргызстандык тыңчы деп соттолгон. ТИМ үн катты

Тышкы иштер министрлиги Тажикстанда Кыргызстандын жараны тыңчы делип соттолгону боюнча үн катты.

Эскерте кетсек, 7-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов Кыргызстандын жараны Кубатбек Юлдошев жалган-жалаа менен тыңчы делип соттолгонун айтып чыккан. Анын айтымында, Кубатбек Юлдашев мурда Тажикстандын жараны болгон, аны кийин Кыргызстандын атуулдугуна алмаштырган. Ал Тажикстандын УКМКсы тарабынан тыңчылыкка айыпталып, 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийин кармалган.

«Ал 2022-жылы август айында Исфара шаарында жашаган ата-энесине барган экен. Сентябрь айында чек арада согуш чыгып кеткенде, алардын (Тажикстандын – ред.) атайын кызматы биздин жигитти «шпионсуң» деп 13 жылга камап коюптур. Эки жылдан бери абакта экен. Ал орден алам деген бирөөнүн курмандыгы болуп калды. Аны бирөө «жыйынтык көрсөтөм» деп эле кармап алып, камап салып жатат», — деген депутат.

ТИМ билдиргендей, алардын жана Тажикстандагы элчиликтин Юлдошевдин кармалганы, кайсы жерде абакта отурганы жана кармоо шарттары тууралуу маалыматы бар. Алар Юлдошевдин энеси, бир тууганы менен тыгыз байланыш кармап, аларды такай маалымдап турат.

Министрликтин маалыматы боюнча, Юлдошев 2023-жылдын 20-январында Тажикстандын сот органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «тыңчылык» беренеси менен соттолгон.

«Аталган жаранды Кыргызстанга которуу маселеси боюнча Кыргыз элчилиги Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен биргеликте эл аралык келишимдерге ылайык керектүү ишти алып барууда. Кыргыз жараны К. Юлдошевге коюлган айыптын өзгөчөлөгүнө байланыштуу аны Кыргызстанга которууга адаттагыдан кошумча мөөнөт талап кылынат», — деп билдирет министрлик.

Депутат: Тажикстанда кыргыз жараны жалган жалаа менен 13 жылга соттолду

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ТИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>