Депутат: Тажикстанда кыргыз жараны жалган жалаа менен 13 жылга соттолду

Депутат: Тажикстанда кыргыз жараны жалган жалаа менен 13 жылга соттолду

Тажикстанда 2022-жылы Кыргызстандын Кубатбек Юлдашев аттуу жараны тыңчылыкка шектелип кармалып, 13 жылга кесилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутат Султанбай Айжигитов билдирди.

Анын айтымында, Кубатбек Юлдашев мурда Тажикстандын жараны болгон, аны кийин Кыргызстандын атуулдугуна алмаштырган.

Ал Тажикстандын УКМКсы тарабынан тыңчылыкка айыпталып, 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыштан кийин кармалган.

«Ал 2022-жылы август айында Исфара шаарында жашаган ата-энесине барган экен. Сентябрь айында чек арада согуш чыгып кеткенде, алардын (Тажикстандын – ред.) атайын кызматы биздин жигитти «шпионсуң» деп 13 жылга камап коюптур. Эки жылдан бери абакта экен. Ал орден алам деген бирөөнүн курмандыгы болуп калды. Аны бирөө «жыйынтык көрсөтөм» деп эле кармап алып, камап салып жатат.

Былтыр камакта болгон 11 кишини бошотуп албады белек, бул адамды бошотуп алуу үчүн Тышкы иштер министрлигине, УКМКга, акыйкатчыга жана башка мамлекеттик органдарга протоколдук тапшырма берүү керек.

Биздин жаранды «шпионсуң» деп жөн жерден камаган. Каяктагы тыңчы?! Согуш болуп кетерин ал каяктан билген? Аны ата-энесине барып, жардам берип жүргөн жеринен камап койгон», — деди Айжигитов.

Депутат Баткендин туугандары бийликтен Кубатбей Юлдашевди бошотуу өтүнүчү менен кайрылып жатканын айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>