Тажикстанда студент университеттин деканына бычак менен кол салды

Тажикстанда студент университеттин деканына бычак менен кол салды

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Тажикстан технологиялык университетинин эл аралык менежмент жана маркетинг факультетинин деканына студенттин кол салышы боюнча комментарий берди.

Окуя 28-январда болгон. Студент декан Музаффар Имомназаровду бычак менен ичке сайып жиберип, окутуучу ооруканага жеткирилген.

Айрым Тажик ЖМКлары университеттеги өз булактарына таянып билдиргендей, студент сынак тапшыра албай калгандан кийин декан анын атасын сүйлөшүү үчүн чакырган. Студент өч аларын айтып жүргөн.

Деканга эки жолу операция жасалды, абалы туруктуу.

Студентке карата “киши өлтүрүүгө аракет жасоо” беренеси менен кылыш иши козголду.

Экономика илимдеринин кандидаты Музаффар Имомназаров 2019-жылдын 1-февралынан бери Тажикстан технологиялык университетинин эл аралык менежмент жана маркетинг факультетинин деканы болуп иштейт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>