Лифт иштебейт: Улуттук госпиталда жараат алгандар жөө түшүп чыгууда

Лифт иштебейт: Улуттук госпиталда жараат алгандар жөө түшүп чыгууда

Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүндө лифт иштебегендиктен Баткендеги куралдуу кагылышта жараат алган бейтаптар менен медицина кызматкерлерине кыйынчылык жаралууда. Бул тууралуу жараат алган жарандарга жардам берип жаткан ыктыярчылар социалдык тармактарда жазууда.

Алардын айтымында, лифттин иштебегенине 5 ай болгон. Мындан улам бейтаптар келгенде медицина кызматкерлери аларды 3-кабатка чейин замбил менен көтөрүп чыгууга мажбур болууда. Андан тышкары жараат алган бейтаптар өйдө-ылдыйга жөө түшүп-чыгууга аргасыз.

Бул маселе боюнча саламаттык сактоо министрлигине кайрылганыбызда, алардын лифттин иштебегени боюнча кабары бар экенин билдиришти. Аталган маселе министрлик менен Улуттук госпиталдын жетекчилигинин көзөмөлүндө. Ошол эле учурда акча каражат жок болуп жаткандыктан тендер өткөрүүгө мүмкүн болбой эле.

«Акчасы кымбат. Болжол менен 2 млн сом кетиши мүмкүн. Ремонт болгондон кийин ага акча жетпей калган. Кошумча акча каралып жатат. Ыкчам кабыл алуу жана реанимация бөлүмдөрү биринчи кабатта орун алган. Бирок бул маселе бар экенин мойнубузга алабыз. Мүмкүнчүлүк болору менен ал оңдолот», — деп билдиришти министрликтин.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган. Расмий бийлик органдары 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн кабарлаган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

17-сентябрь күнү чек арадагы абал чыңалуу бойдон калды. Тажикстандын аскерлери ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууларды бузуп, Баткендеги айылдарды (ДостукПаскы-Арык) жана Ош облусунун Чоң-Алайдагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылады.

18-сентябрга караган түн да тынч өттү. Саат 14:00гө карата УКМК билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч бойдон калууда жана турукташуу тенденциясы бар.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

19-сентябрга караган түн тынч өткөн, ок атышуулар болгон эмес. Ошол эле учурда абал чыңалуу бойдон калууда.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза тапты, жарадар болгондордун саны 163тү түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>