Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ысык-Көлгө келди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ысык-Көлгө келди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 20-21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>