Баткенден тажик тарапка өтүп кеткен мал ээсине кайтарылды — видео

Баткенден тажик тарапка өтүп кеткен мал ээсине кайтарылды — видео

Баткенде кароосуз калып,  тажик тарапка өтүп кеткен мал ээлерине кайтарылды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын эки тургунунун жалпысынан 5 баш ири мүйүздүү малы кароосуз жүрүп, Ганжак участкасы менен чектешкен Тажикстандын Исфара районунун Гулистан айылына  2023-жылдын 26-март күнү кирип кеткен.

Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсү менен Согди облусунун Исфара РИИБдин милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 28-март күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен 5 баш бодо малы кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды.

Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>