Текебаевдин мандаты: Ормуков соттун чечимине каршы доо арыз менен кайрылды

Текебаевдин мандаты: Ормуков соттун чечимине каршы доо арыз менен кайрылды

Активист Темирлан Ормуков Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча Бишкектин административдик соттун чечимин туура эмес деп  шаардык сотко доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу ал Reporter.kg басылмасына билдирди.

Активисттин айтымында,  административдик соттун чечимине ылайык, Текебаевдин мандаты дароо ажыратылбай калат.

“Сот ишти административдик процессуалдык кодекстин негизинде жалпы бөлүк менен карап койгон. Негизинен бул иш өзүнчө бөлүк менен конституциялык мыйзамдын негизинде каралышы керек эле. Бул жерде мандат тууралуу сөз болуп жатат да. Бирок сот кадимки тартип бузуу катары карап койгон. Эгер иш мындай каралса анда шаардык инстанцияда эки айдын ичинде,  Жогорку сотко дагы эки айдын ичинде каралып, бул иш 4 айга созулуп кетет. Бул убакыт аралыгында же акыркы чечим чыккыча Текебаев депутат бойдон кала берет. Эгер конституциялык мыйзамдын негизинде каралса чечим дароо чыгып Текебаев мандатынан 5-6 күндүн ичинде ажырамак”, – деди Ормуков.

Белгилей кетсек,  15-октябрда БШК Текебаевге депутаттык мандатты кайта кайтарып берүү боюнча чечим чыгарган. Бул чечимди негизсиз деп Темирлан Орумуков эртеси күнү сотко кайрылган.

Бишкектин административдик соту 23-ноябрда активист Темирлан Ормуковдун арызын канааттандырып, БШКнын  чечимин жокко чыгарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>