Кыргызстан климаттык каржылоону Мамлекеттик өнүктүрүү банкы аркылуу тартууну көздөөдөБишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы кыз Сокулук районунан табылдыБишкекте ижарага берилүүчү электросамокаттар төрт күнгө алынып салынатБишкекте мушташтан кийин чет өлкөлүк жарандар милицияга жеткирилди29-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуКыргызстанда аба ырайы +38°Cге чейин ысыйт: 29-августка карата аба ырайынын божомолу
Теңгиз Бөлтүрүк 10-мартка чейин камакта калтырылды
09.01.2023 | 15:46
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 10-мартка чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкек шаардык соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 29-декабрында Октябрь райондук сотунда Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасын узартуу боюнча өтүнүч каралып, сот анын камактагы мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алган.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.
Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз