Кыргызстанда 21-октябрда «Москва үчүн салгылашуу» аттуу эскерүү жүрүшү өтөтПрезидент Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого коюлган мораторийди алып салдыТогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздүСадыр Жапаров Бишкекте ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алдыБишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда тапты
Тенгиз Бөлтүрүк ӨКМдин медалы менен сыйланды – сүрөт
01.07.2022 | 16:06
Бүгүн, 1-июлда “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдинг компаниясынын президенти Тенгиз Бөлтүрүк Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Аскердик жарандык кызматташтыгын чыңдаганы үчүн” медалы менен сыйланды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Медалды Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев өзү тапшырды. Ал «Кумтөр» компаниясы тарабынан өзгөчө кырдаалдарда калкты жана аймактарды коргоо жана Кыргыз Республикасынын ӨКМге коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда көрсөткөн жардамы үчүн Тенгиз Бөлтүрүккө ыраазычылык билдирди.

Теңиз Бөлтүрүк белгилегендей, «Кумтөр» мындан ары «адамдарды куткаруу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен кызматташууну күчөтүүнү» пландап жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом