Үч-Дөбөдө жаңы мектеп ачылды

Үч-Дөбөдө жаңы мектеп ачылды

Жогорку Кеңештин «Ынтымак» фракциясынын депутаттары Ош жана Жалал-Абад облустарында өткөн көчмө жыйынынын алкагында Алай районуна барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алгач депутаттар Үч-Дөбө айылында жайгашкан Т.Жумабаев атындагы мектептин ачылыш аземине катышты.

Айылдын 90 жылдык тарыхы бар эски  мектеби 1932-жылы ачылып, Алайдагы алгачкы мектептердин бири болгон. Бирок азыркы эски корпусуна балдар батпай, жаңы мектеп куруу зарылчылыгы жаралган. Алсак, учурда окуучулардын саны 500дөн көп. Андыктан келечек ээлерине компьютердик класстары, китепкана, спорт, концерттик залдары менен бардык шарттары каралган заманбап мектеп тартууланды.

Ачылыш аземге депутаттар Марлен Маматалиев, Шарапаткан Мажитова, Талант Мамытов, Балбак Түлөбаев, Лейля Лурова,  Эрулан Кокулов, Мурадыл Сыдыков, Аида Исатбек кызы, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев  катышып,  жергиликтүү тургундарды жаңы билим ордолуу болушу менен куттуктады. Депутаттар мектеп үчүн ала барган спорттук инвентарларды, китептерди тапшырды.

Ошондой эле фракция мүчөлөрү Үч-Дөбө айыл өкмөтүнүн имаратынын пайдубалына капсула салып, айылда курулуп жаткан футбол аянтынын курулушун көрүштү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>