Теңгиз Бөлтүрүктүн иши. 5 млрд сом каржылык бузуу болгону айтылды

Теңгиз Бөлтүрүктүн иши. 5 млрд сом каржылык бузуу болгону айтылды

Былтыр «Кумтөрдөгү» текшерүүнүн жыйынтыгы менен 5 млрд сомго жакын каржылык бузуу болгону аныкталды. Бул тууралуу  бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов билдирди.

Жыйында депутат Мейкинбек Абдалиев былтыр «Кумтөрдөгү» текшерүүнүн жыйынтыгы кандай болгонун сурады.

Акматовдун айтымында, текшерүү 5 млрд сомго жакын каржы бузууларды аныктаган.

«Кумтөрдүн мурдагы жетекчилери түзгөн бухгалтердик система, бөлөк системанын баары өзгөрүлгөн эмес экен. Ошондой эле уланып жатыптыр. Биздин текшерүүнүн жыйынтыгы менен 5 млрд сомго жакын каржы бузуулар аныкталган», — деди ал.

Ал билдиргендей, бул иш боюнча ИИМ, Башкы прокуратура жана УКМК териштирүү жүргүзүүдө.

Депутат Абдалиев, аталган факт «Теңгиз Бөлтүрүктүн ишиби?» деп сурады.

«Ооба, ошол кишинин иши», — деди Акматов.

Эскерте кетсек, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк былтыр сентябрь айында кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. Анын камактагы мөөнөтү 10-мартка чейин узартылган.

Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.

Теңгиз Бөлтүрүк: 2025-жылы Кумтөр ишин токтотууга аргасыз болот

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>