Кыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жетти
Террордук топтун катарында Сирияда согушкан жаран кармалды
10.11.2023 | 12:09
8-ноябрда Жалал-Абаддын 28 жаштагы тургуну Т.Х.Х. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, ал 2015-жылдын аягында Сириядагы куралдуу кагылышууга катышкан. Т.Х.Х. Москвада иштеп жүрүп, “Катиба аль-Таухид валь-жихад” эл аралык террордук уюмунун мүчөлөрү тарабынан жалданып, атайын диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сириянын өкмөтүнө каршы согушка тартылат.
Ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгү (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) боюнча иш козголуп, тергөө иштери башталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом