ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө алынды
10.11.2023 | 11:24
“Арал” постунда оор жүк ташуучу автоунааларга саат 8:00 баштап чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Учурда Бишкек-Ош автоунаа жолунда кырдаал туруктуу, жол ачык.
Эскерте кетсек, кечээ «Сосновка» жана «Арал» постунда оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө аба-ырайына байланыштуу чектөө киргизилген.
ӨКМ узак жолго чыккан айдоочулар «112» бирдиктүү номери аркылуу жолдогу акыркы кырдаал тууралуу маалымат алып, андан соң узак жолго чыгууну сунуштайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом