36 тамга! Кыргызстанда алфавит өзгөрүүсүз калат — Дайырбек Орунбеков

Кыргызстан алфавитти өзгөртпөйт, ал мурдагыдай эле 36 тамгадан турат, деп билдирди КР Президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков.
Эскерте кетсек, акыркы күндөрү Улуттук илимдер академиясынын айрым окумуштуулары «э» тамгасын «е» тамгасына алмаштыруу, ал эми «э», «ц», «щ», «ъ», «ь», «ю», «ё» жана «я» тамгаларын чет тилден кирген сөздөрдө гана калтыруу боюнча өз сунушун коомдук талкууга алып чыгышкан.
Орунбеков бул демилгени алардын жеке пикири деп атады.
«Белгилей кетүүчү жагдай, бул – жеке көз караш жана жеке демилге. Мамлекет тарабынан кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч кандай чечим да, демилге да көтөрүлгөн эмес. Кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамгадан турат жана өзгөрүүсүз калат», — деди Орунбеков.
Ал мындай сунуштарды көтөрүп чыккандар жоопкерчиликти эске алышы керектигин баса белгиледи: коомчулукта негизсиз талаш-тартыштарды жана нааразычылыкты жарата турган демилгелерди коомдук талкууга чыгарардан мурда анын зарылдыгын, кесепеттерин жана коомдук кызыкчылыкка төп келерин кылдат таразалап чыгуу зарыл.