Тик учак кырсыгында көз жумган аскердин сөөгү жерге берилди

Тик учак кырсыгында көз жумган аскердин сөөгү жерге берилди

Бишкектин четинде 17-январда болгон аскердик тик учактын кырсыгында каза болгон капитан Жайыл Самудиновдун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Бишкекте өткөн акыркы сапарга узатуу зыянаты Жайыл Самудиновду эскерүү иш-чарасы менен башталган. Ага Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери, маркумдун туугандары катышкан.

Эскерүү сөзүндө коргоо министринин биринчи орун басары Руслан Мукамбетов Жайыл Самудинов кызматтагы жолдошторунун өмүрүн сактап калуу менен чыныгы баатырдыкты көрсөткөнүн белгилеген.

«Капитан Жайыл Самудинов чыныгы офицер катары эсибизде калат. Ал акыркы учурга чейин тик учакты кондурууга жана жолдошторунун өмүрүн сактап калууга аракет кылган. Ал өзүнүн жолдошторунун өмүрүн сактап калды, бирок ал үчүн эң кымбат болгон өмүрүн берди. Ал акыркы деми калганга чейин өзүнүн аскердик милдетин аткарган чыныгы баатыр катары биздин эсибизде калат», — деди ал.

Капитан Жайыл Самудинов 1994-жылы Бишкек шаарында туулган. Ал 2018-жылы Россиянын Сызрань шаарындагы Аскердик-аба күчтөрүнүн борборунун Аскердик-илимий филиалын аяктаган. Окууну аяктагандан кийин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө ар кандай кызматтарда иштеген.

Эскерте кетсек, 17-январда Бишкектин четинде аскердик тик учак кулаган. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, кырсык тик учак окуу-машыгуу өткөрүп жатканда болгон.

Тик учактын ичинде 11 адам болгон. Алардын ичинен 1 киши каза болуп, 10 адам ооруканага жаткырылган.

Аскердик тик учактын кулаганы боюнча тергөө иштери башталып, Абадан коргонуу күчтөрүнүн бир нече жетекчиси кызматтан убактылуу четтетилген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>