Тик учактын кулашы: Каза болгон аскердин үй-бүлөсүнө жардам берилет

17.01.2024 | 21:10

Бүгүн, 17-январда, Ми-8МТВ үлгүсүндөгү тик учак окуу-машыгуу учурунда кулашынан улам курман болгон офицердин үй-бүлөсүнө ар тараптуу жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ооруканада дарыланып жаткан бардык жабыр тарткан аскер кызматчыларын коргоо ведомствосу Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте тез сакайып кетүүсү үчүн бардык дары-дармектер жана  медикаменттер менен камсыздоодо.

Белгилей кетсек, 17-январда Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулаган. Тик учактын кыйрашынан 11 адам жабыркап, бир аскер кызматчысы каза болгон. Учурда жабыркагандар ооруканада жатат.

Чүйдө аскердик тик учак кулап, бир адам каза болгону кабарланууда (фото)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top