Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
ТИМ: 2020-жылы Кыргызстанда Евробиримдик – Борбор Азия I экономикалык форуму өтөт
08.07.2019 | 10:52
Кечээ, 7-июлда Бишкекте өткөн Европа Биримдиги – Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу тышкы иштер министрилигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, аталган иш чара Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин катышуусунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерининин төрагалыгы астында өттү.
Анда 2020-жылы Кыргызстанда Евробиримдик – Борбор Азия I экономикалык форумун өткөрүү пландалды.
Мындан тышкары тараптар Евробиримдиктин аймактык жаңы Стратегиясын мындан ары ишке ашыруунун, аны конкреттүү программалар жана демилгелер менен толуктоо маселелерин талкуулашты.
Рубрики: Жаңылыктар