ТИМ башчысы Кулубаев Кытайдын элчисин кабыл алды

ТИМ башчысы Кулубаев Кытайдын элчисин кабыл алды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, 21-ноябрда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда элчи Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Инин Кулубаевге жолдогон катын берди.

«Эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери, соода-экономикалык кызматташууну жигерлентирүү, Кытайдын өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча пикир алуу болду. Ошондой эле, көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүү маселелерин, эки тараптуу маанилүү иш-чараларды өткөрүү боюнча пландар талкууланды», — деп айтылат маалыматта.

Кулубаев Кыргызстандын жүк ташуучуларынын Кытайдын деңиз портторундагы жүктөрүнүн токтоп турушуна, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы үзгүлтүксүз жүк агымын камсыз кылуу максатында көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштырууга байланыштуу көйгөйлөрдү белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>